Ленарчич Газага гуманитардык жардамды көбөйтүү үчүн кургактыктан дагы көп өткөөлдөрдү ачууга чакырды

Европа Биримдиги (ЕБ) Комиссиясынын кризисти башкаруу жана гуманитардык жардамдан жооптуу мүчөсү Янез Ленарчич кечээ Иордания, Палестина жана Израилдеги жолугушууларынан кийин Чыгыш Кудста өткөргөн маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

2112293
Ленарчич Газага гуманитардык жардамды көбөйтүү үчүн кургактыктан дагы көп өткөөлдөрдү ачууга чакырды

Европа Биримдиги (ЕБ) Комиссиясынын кризисти башкаруу жана гуманитардык жардамдан жооптуу мүчөсү Янез Ленарчич Газага гуманитардык жардамды көбөйтүү үчүн кургактыктан дагы көп өткөөлдөрдү ачууга чакырды.

Янез Ленарчич кечээ Иордания, Палестина жана Израилдеги жолугушууларынан кийин Чыгыш Кудста өткөргөн маалымат жыйынында Израиль армиясынын кол салуулары менен гуманитардык апаат тереңдеген Газа тилкесине абадан гуманитардык жардам жеткирилишинин «натыйжалуу жана жетиштүү эмес» экенин айтты.

Израилдик маектештерин басып алынган Батыш Шериадагы палестиналык имараттарды жана үйлөрдү уратуу, жөөт отурукташуучулардын зомбулуктарынын көбөйүшү жана Израиль армиясынын басып алуулары тууралуу эскерткенин белгилеген Ленарчич, тез арада ок атышпоонун камсыздалышы жана  Газадагы Израилдин туткундарынын кайтарылышы чакырыгын салды.

Ленарчич Израилдин жетекчилерине Газада каза болгондордун санынын абдан көп экенин айтканын жана мунун эл аралык гуманитардык мыйзамдардын бузулуп жатканына байланыштуу тынчсызданууну жаратканын белгиледи.

Янез Ленарчич Евробиримдиктин Түштүк Кипрдин Рум башкаруусунан (ТКРБ) Газага гуманитардык жардам жеткирүү үчүн деңиз жолун колдонуу демилгесин колдогондугун белгилеп, буга карабастан кургактык жолунун көлөм жагынан жана жардамды бөлүштүрүү жагынан эң эффективдүү ыкма экенин, израилдик кесиптештерине көбүрөөк өткөөл пункттарды ачуусу үчүн чакырык салганын билдирди.

Эл аралык Адилет Сотунун Израилге карата гуманитардык жардамдарды көбөйтүү чечимине карабастан Газага жеткен жардамдын азайганына көңүл бурган Ленарчич, ушул себептен жаңы кургактык транзит жолдорунун ачылышы жана жардамдардын эффективдүү бөлүштүрүлүшү үчүн ок атышпоо чакырыгын кайталагандарын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар