Канадада палестиналыктарды колдогон нааразылык акцияларына убактылуу тыюу салынды

Монреалдагы бир синагога менен жөөт мекемеси «Federation CJA», Израилдин Газага кол салууларына каршы чыккан топтор менен Израилди колдоочулардын ортосундагы башаламандыктан улам сотко кайрылды.

2112473
Канадада палестиналыктарды колдогон нааразылык акцияларына убактылуу тыюу салынды

Канаданын Монреал шаарында жөөт мекемелеринин айланасында палестиналыктарды колдогон нааразылык акцияларына 10 күндүк тыюу салынды.

Монреалдагы бир синагога менен жөөт мекемеси «Federation CJA», Израилдин Газага кол салууларына каршы чыккан топтор менен Израилди колдоочулардын ортосундагы башаламандыктан улам сотко кайрылды.

Сот палестинаны колдогон топторго жөөт мекемелерине таандык имараттардан 50 метрдей жакын жерде нааразылык акцияларын өткөрүүгө убактылуу тыюу салды.

Өкүмгө ылайык, 10 күн бою жөөт мекемелерине таандык имараттарга жакындашына тыюу салынган топтордун арасында Көз карандысыз жөөттөрдүн үнү (IJV), Монреал4Палестина, Монреал Палестина жаштар кыймылы жана Alliance4Палестин менен бирге Бара Ияд Абухамед аттуу киши бар.



Тектеш кабарлар