Эң ысык февраль айы катталды

Өткөн айда дүйнө жүзү боюнча абанын орточо температурасы 13,54 градус Цельсий болуп өлчөлдү.

2112125
Эң ысык февраль айы катталды

Өткөн ай дүйнө жүзү боюнча катталган "эң ысык февраль" болду.

Европа Биримдигинин (ЕБ) жер изилдөө программасынын билдирүүсүнө караганда, өткөн айда дүйнө жүзү боюнча абанын орточо температурасы 13,54 градус Цельсий болуп өлчөлдү.

Бул өлчөө 1991-2020-жылдардын февраль айындагы орточо көрсөткүчтөн 0,81 градус жана 2016-жылы катталган мурунку эң ысык февралдан 0,12 градуска жогору болду.

Ушундайча акыркы 9 ай буга чейин катталган эң ысык ай болсо, акыркы 12 айдагы (2023-жылдын мартынан 2024-жылдын февралына чейин) глобалдык орточо температура 1991-2020-жылдардагы орточо көрсөткүчтөн 0,68 градус Цельсийге жогорулады.

Европада быйылкы кыш 1991-2020-жылдардагы орточо көрсөткүчтөн 1,44 градуска жогору болуп, 2019-2020-жылдардагы кыштан кийинки рекорддук эң жылуу экинчи кыш болду.

Дүйнө жүзүндөгү абанын температурасы сыяктуу деңиз бетинин температурасы да "жогорку деңгээлге" жетти.

Февраль айында 21,06 градус Цельсий өлчөнгөн деңиз бетинин орточо температурасы буга чейинки эң жогорку температура болду.

Коперник климаттык өзгөрүү кызматынын директору Карло Буонтемпо, февраль айынын акыркы айларда катталган рекорддук температуралардын арасында экенин белгилеп, глобалдык жылуулуктун алдын алынбаса рекорддук температуранын дүйнө жүзү боюнча улана турганын эскертти.



Тектеш кабарлар