Египет менен Байдендин ок атышууну токтотуу боюнча билдирүүсү

Al-QaheraNews телеканалы жогорку даражалуу жетекчилердин билдирүүлөрүнө таянган кабарында Газада ок атышпоо үчүн борбор шаар Каирде өткөрүлгөн сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат берди.

2111618
Египет менен Байдендин ок атышууну токтотуу боюнча билдирүүсү

Египеттин жогорку даражалуу аткаминерлери Израилдин 7-октябрдан бери кол салуулары уланып жаткан Газа тилкесинде ок атышпоо боюнча кыйыр сүйлөшүүлөрдүн кыйынчылыктарга карабастан жылып жатканын билдирди.

Al-QaheraNews телеканалы жогорку даражалуу жетекчилердин билдирүүлөрүнө таянган кабарында Газада ок атышпоо үчүн борбор шаар Каирде өткөрүлгөн сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат берди.

Америка Кошмо Штаттары (АКШ), Египет, Катар жана Хамас кыймылынын расмий өкүлдөрү катышкан сүйлөшүүлөрдө «Рамазан айында (11-март-9-апрель) Газада ок атышпоого жетишүүнү максат кылганы» белгиленди.

«Сүйлөшүүлөр кыйынчылык менен уланып жатат»,-деп айтылган кабарда, «Сүйлөшүүлөр дагы эле уланууда. Эч кандай макулдашууга жетише элек деп айтуу туура эмес»,-деп, сүйлөшүүлөр уланып жатканы айтылды.

Израилдин Channel 13 телеканалы израилдик бир жооптууга шилтеме берип, Тель-Авив башкаруусунун Газада ок атышпоо жана тараптардын ортосунда туткун алмашуу сунушунун жеткирилгенин жана Хамастын жообу күтүлгөнүн жарыялады.

АКШнын президенти Жо Байден болсо Газада мүмкүн болгон ок атышпоо келишиминин Хамаска көз каранды экенин айтты.

Жо Байден баш калаа Вашингтондо журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Байден журналисттердин ок атышпоо тууралуу суроосуна: «Учурда ал Хамастын колунда. Израилдиктер кызматташып жатат. Туура сунуш айтылды. Эмне болорун бир нече күндөн кийин билебиз»,- деп жооп берди.

Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине кол салууларында эң аз 13 миң 430у бала, 8 миң 900ү аял болгон 30 миң 631 палестиналык каза болуп, 72 миң 43ү жараланды.



Тектеш кабарлар