Израилдин Газага кол салуулары уланып жатат
Газа тилкесинде 7-октябрдан бери каза болгондордун саны 30 миң 631ге, жаракат алгандардын саны 72 миң 43кө жеткени маалымдалды.
Израилдин Газа тилкесине кол салууларында каза болгон палестиналыктардын саны 30 миң 631ге жетти.
Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө, Израилдин Газа тилкесинде акыркы 24 сааттагы 10 кол салуусунда 97 кишинин каза тапканы, 123 кишинин жараланганы кабарланды.
Газа тилкесинде 7-октябрдан бери каза болгондордун саны 30 миң 631ге, жаракат алгандардын саны 72 миң 43кө жеткени маалымдалды.
Израилдин согуштук учактары жана артиллериялык бөлүктөрү Газа тилкесинин түндүк жана борбордук бөлүгүндөгү жайкын тургундардын отурукташкан жерлерине кол салуусунда, аялдар жана балдар да арасында болгон ондогон адамдарды өлтүрүштү.
Палестинанын расмий WAFA агенттигинин маалыматына караганда, акыркы 24 саатта Газа тилкесинин ар кайсы аймактарынан Шифа жана Европа ооруканаларына 34 адамдын сөөгү жеткирилди.
Хан Юнустагы Европа ооруканасына 25 кишинин сөөгү алып барылса, кол салууларда каза тапкан 9 киши Шифа медициналык борборуна жеткирилди.
Хан Юнус жана анын айланасындагы көптөгөн аймактар, өзгөчө Хамед шаары Израилдин согуштук учактары жана артиллериясынын күчтүү чабуулдарына дуушар болду.
Газанын түндүгүндөгү жана борбордук бөлүгүндөгү «Нусайрат» качкындар лагерине согуштук учактар тарабынан катуу сокку урулду.
Нусайраттагы кол салууда каза болгондордун жана жаралангандардын бар экени айтылды.
Израилдин артиллериялык бөлүктөрү да Газа секторунун түштүгүндөгү Зейтун районуна айыгышкан чабуулдарды жасады.
Тектеш кабарлар
Израилдин согушту улантуу планы
Израиль армиясынын X социалдык медиа эсебинде темага байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасалды.
Газа байланыш тобунун Израилге карата чакырыгы...
Бул тууралуу Сауд Арабиянын Тышкы иштер министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.