АКШдан Украинага колдоо уланат

АКШнын Коргоо министрлигинен берилген маалыматта, эки министрдин телефондук сүйлөшүүсүндө Орусия-Украина согушундагы акыркы абалды талкуулагандары белгиленди.

2111092
АКШдан Украинага колдоо уланат

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин украиналык кесиптеши Рустем Умеровго 2 жылдан бери Орусия менен согушуп жаткан өлкөсүнө жардам берүүнү уланта тургандарын билдирди.

АКШнын Коргоо министрлигинен берилген маалыматта, эки министрдин телефондук сүйлөшүүсүндө Орусия-Украина согушундагы акыркы абалды талкуулагандары белгиленди.

Билдирүүдө: «Министр Остин, АКШ менен 50гө жакын союздаш жана өнөктөштөрдөн турган коалициянын Орусиянын агрессиясына каршы күрөшүндө Украинаны колдоону улантарын кайталады»,- деп айтылды.

Остин менен Умеровдун АКШнын президенти Жо Байдендин кошумча улуттук коопсуздук мыйзам долбоорунун шашылыш түрдө кабыл алынышы керектиги жөнүндө бирдей пикирде экендиктери жана министрлердин бул темада тыгыз байланышта болоорун убада кылгандары маалымдалды.

Умеров X социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө, Остинге согуш талаасындагы учурдагы абал тууралуу маалымат бергендерин жана америкалык кесиптеши менен «жемиштүү» апталык сүйлөшүү өткөргөнүн белгиледи.

АКШда Украина жана Израилге кошумча аскердик жардамды караган 95 миллиард долларлык пакет Сенатта кабыл алынып Өкүлдөр палатасына жөнөтүлгөн; ал эми Өкүлдөр палатасынын спикери Майк Жонсон бул мыйзам долбоорун түштүк чек арага байланыштуу коопсуздук кадамдары ташталмайынча кабыл албай тургандыктарын кабарлаган.



Тектеш кабарлар