Захарова Германияны коркутту

Захарова немис офицерлеринин Крым көпүрөсүндөгү ыктымал кол салуу тууралуу сүйлөшүүлөрү басма сөзгө чыккандан кийин билдирүү жасады.

2110844
Захарова Германияны коркутту

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова Германия дагы эле нацисттерден толук тазалана электигин айтып, Берлинди «коркунучтуу кесепеттерге алып келет» деп коркутту.

Захарова немис офицерлеринин Крым көпүрөсүндөгү ыктымал кол салуу тууралуу сүйлөшүүлөрү басма сөзгө чыккандан кийин билдирүү жасап:«Германия дагы эле нацисттерден толук арыла элек. Эгерде немецтер кырдаалды оңдобосо, Германия үчүн кесепеттери өтө оор болот»,-деп айтты.

Захарова немецтик тараптын реакциясындагы карама-каршылыктарды көрсөтүп:«Ачыгын айтканда, биз реакцияларды эмес, түшүндүрмөлөрдү күтөбүз. Биздин байкашыбызча, алар жөн эле куру сөздү айтып, шылдыңдап, «карап чыгабыз» деп жатышат. Текшерүү эмес, жасалган иштер үчүн жоопкерчиликти алуу керек», - деди.

Бул арада Германиянын Москвадагы элчиси Александр Ламбсдорф да Орусиянын Тышкы иштер министрлигине чакырылды.

Орус маалымат агенттиктери тараткан маалыматка караганда, дипломат министрликте бир саат он мүнөт болгон, бирок сапарынан кийин эч кандай билдирүү жасаган эмес.

Немис офицерлеринин ортосунда Крым көпүрөсүнө кол салуу мүмкүнчүлүктөрү бааланган делген сүйлөшүүнүн жазууларынын жарыяланышы Германия менен Орусиянын ортосундагы мамилелерде олуттуу чыңалууну жаратты.

Германиянын куралдуу күчтөрүнүн жыйындарына байланыштуу маалымат ачыкка чыккандан кийин немис администрациясы иликтөө баштады.



Тектеш кабарлар