Иранда тыңчылык боюнча айыпталган израилдик өлүм жазасына тартылды

Моссаддын атынан иш алып барган деп айыпталган адамдын ким экени тууралуу маалымат берилген жок.

2110308
Иранда тыңчылык боюнча айыпталган израилдик өлүм жазасына тартылды

Иранда Израилдин чалгындоо кызматы Моссаддын атынан иш алып барган деген айып менен бир кишинин өлүм жазасына тартылганы кабарланды.

Tesnim агенттигинин маалыматына караганда, 2023-жылдын 28-январында Исфахандагы коргоо өнөр жайы объектисине кол салуу планын даярдап жаткан учурда кармалган бир адамдын өлүм жазасы аткарылды.

Моссаддын атынан иш алып барган деп айыпталган адамдын ким экени тууралуу маалымат берилген жок.

Ушул эле айып менен 18-сентябрда өлүм жазасына тартылган 4 адамдын жазасы болсо 29-январда аткарылган.



Тектеш кабарлар