Ислам Кызматташтык Уюму  5 -  мартта Газа үчүн кезексиз жыйын өткөрөт

Тышкы иштер министрлери Жиддада өткөрө турган жыйында Израилдин Газадагы кол салууларынан кийинки акыркы абал менен бирге Эл аралык Сотто Израилдин Палестинага карата геноцид кылмышынан соттолушу темасынын да каралышы күтүлүүдө.

2109900
Ислам Кызматташтык Уюму  5 -  мартта Газа үчүн кезексиз жыйын өткөрөт

Ислам Кызматташтык Уюмунун интернет сайтынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Израилдин Газага карата уланып жаткан кол салууларын сүйлөшүү үчүн Сауд Арабиянын Жидда шаарында мүчө өлкөлөрдүн катышуусу менен тышкы иштер министрлеринин кеңешинин өткөрүлөрү белгиленди.

Тышкы иштер министрлери кеңешинин 5 - марттагы жыйынынан мурда Ислам Кызматташтык Уюмунун штаб- квартирасында күн тартиби жана чечим долбоору тууралуу «жогорку деңгээлдеги күн тартиби жана чечимдин долбоору менен иштешери” билдирилди. 

Тышкы иштер министрлери Жиддада өткөрө турган жыйында Израилдин Газадагы кол салууларынан кийинки акыркы абал менен бирге Эл аралык Сотто Израилдин Палестинага карата геноцид кылмышынан соттолушу темасынын да каралышы күтүлүүдө.

Израилдин 7 - октябрдан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында кеминде 13 миң 230у бала, 8 миң 860ы аял болгон 30 миң 228 палестиналык каза болуп, 71 миң 377 киши жараланды.

Урандылардын астында  миңдеген сөөктүн бар экендиги билдирилип, адамдар баш калкалаган ооруканалар жана билим берүү мекемелери бутага алынып жарандык инфраструктура да талкаланууда.

Оккупациядагы Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста да 2023 -  жылдын  7 -  октябрынан бери Израиль күчтөрү менен мыйзамсыз еврей отурукташуулардын  кол салууларында  413 палестиналык каза болду.



Тектеш кабарлар