Палестиналыктардын Аль-Акса мечитине кирүүсүнө бөгөт коюлду

Израиль полициясы таң эртеден тарта Чыгыш Кудстун Эски шаар аймагында темир тосмолор менен текшерүү пункттарын орнотту.

2109858
Палестиналыктардын Аль-Акса мечитине кирүүсүнө бөгөт коюлду

Израиль полициясы 7-октябрдан кийин 21-жума да басып алынган Чыгыш Кудстагы Аль-Акса мечитинде намаз окууну каалаган палестиналыктарга чектөө киргизди.

Израиль полициясы таң эртеден тарта Чыгыш Кудстун Эски шаар аймагында темир тосмолор менен текшерүү пункттарын орнотту.

Палестиналыктардын өздүгүн текшерген Израиль полициясы, өзгөчө палестиналык эркектерди жума намазы үчүн Месжид-ул Аксага киргизген жок.

Израиль күчтөрү Акса мечитине киргизилбеген палестиналыктарга Эски шаардын айланасында да жума намазын окуусуна уруксат берген жок; Эски шаардын айланасына чогулган палестиналыктарды аймактан чыгаруу үчүн күч колдонушту.

Тараптардын ортосунда маал-маалы менен кагылышуулар болуп, кеминде эки палестиналык камакка алынды.

Кудс Ислам Фонддор Башкармалыгынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, бүгүн 20 миңге жакын палестиналык Месжид-ул-Аксада жума намазын окушту.

Израиль полициясы 2023-жылдын 7-октябрынан бери Аль-Акса мечитинде намаз окууну каалаган палестиналыктардын кирүүсүнө чектөө киргизип келе жатат.



Тектеш кабарлар