БУУ Газадагы окуяга реакция кылды

БУУнун баш катчысынын гуманитардык иштер боюнча орун басары жана чукул жардам координатору Мартин Гриффитс жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

2109490
БУУ Газадагы окуяга реакция кылды

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) билдирүүсүндө, Газанын батышына жардам материалдары таратылып жаткан учурда Израилдин кол салуусунун натыйжасында жүздөгөн кишинин каза болушу жана жаракат алышынын үрөй учурарлык экени белгиленди.

БУУнун баш катчысынын гуманитардык иштер боюнча орун басары жана чукул жардам координатору Мартин Гриффитс жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Бүгүн Газанын батышына жардам жеткирүү учурунда жүздөгөн адам өлтүрүлүп, жаракат алгандыгы жөнүндөгү кабарларга үрөйүм учту»,-деди.

Газада жашоонун коркунучтуу ылдамдыкта жок болуп баратканын баса белгилеген Гриффитс: «Беш айга жакын ырайымсыз согуштук аракеттерден кийин деле Газадагы окуялар биздин үрөйүбүздү учурушу мүмкүн»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар