Албания Байрактар ​​TB2лерди өткөрүп алды

Пелеши социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.

2109712
Албания Байрактар ​​TB2лерди өткөрүп алды

Албаниянын коргоо министри Нико Пелеши, «Байрактар ​​TB2» куралдуу учкучсуз учуучу аппаратардын өлкөгө жеткенин билдирди.

Пелеши социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, натыйжалуулугу жана алдыңкы технологиясы менен белгилүү «Байрактар ​​TB2» куралдуу учкучсуз учуучу аппаратардын эми Албанияда экенин жарыялады.

Куралдуу учкучсуз учуучу аппаратарды курап, иштетип жана көзөмөлдөй турган керектүү инфраструктураны орнотуунун эки күндөн бери жүргүзүлүп жатканын айткан Пелеши: «Бул абал Албаниянын коргонуу жөндөмдүүлүгүн гана жогорулатпастан, ошондой эле өлкөнүн улуттук коопсуздугун кепилдөө жана эң жогорку коргонуу стандарттарына жооп берүү темасындагы чечкиндүүлүгүнүн далили катары кызмат кылат»,-деди.

Пелеши Байрактар ​​TB2лер куралып жатканда түшкөн бир нече фотосүрөтүн да бөлүшүп, бул сатып алуунун Албаниянын Куралдуу күчтөрүн модернизациялоого жана жаңылантууга берилгендиктин символу экенин баса белгиледи.

TB2лердин саны тууралуу маалымат берилбесе да албан аскерлери акыркы айларда куралдуу учкучсуз учуучу аппаратарды колдонуу боюнча Түркияда билим алышкан.

Албания 2022-жылдын декабрь айында Түркия Республикасы менен стратегиялык өнөктөштүктүн жана НАТОго мүчө Куралдуу күчтөрдү модернизациялоонун алкагында Байрактар ​​TB2 учкучсуз учуучу аппараттар ​​флотун сатып алуу боюнча келишимге кол койгон.



Тектеш кабарлар