Нигериядагы менингит эпидемиясы

Нигериянын Йобе штатында менингит эпидемиясынан 20 окуучу каза болду.

2109157
Нигериядагы менингит  эпидемиясы

Нигериянын Йобе штатында менингит эпидемиясынан 20 окуучу каза болду.

Йобе штатынын Билим берүү министрлигинин кызматкерлеринен Мухаммед Идрис штаттын кээ бир мектептерде менингит оорусунун аныкталгандыгы тууралуу маалыматты бөлүштү.

Идрис эпидемиядпан улам 20 окуучунун каза болгондугун, айрым окуучулардын ооруканада дарыланып жаткандыгын билдирди.

Мухаммед Идрис менингит эпидемиясына каршы чараларды күчөткөндөрүн жана керектүү чараларды көрүшкөндөрүн белгиледи.

Нигерия өкмөтү  2030 – жылга чейин ооруну жеңүү үчүн жаңы чаралардын көрүлгөндүгүн маалымдаган.

Аба жолу менен жуккан менингит мээден баштап бүтүндөй денени таасири астына ала алат.

 



Тектеш кабарлар