Израилде 30 миң аскер психологиялык жардам үчүн кайрылды

Армия тарабынан берилген маалыматта аскерлердин  85 пайызынын психологиялык жардам алгандан кийин кайрадан согушка катышкандары белгиленди.

2109141
Израилде 30 миң аскер психологиялык жардам үчүн кайрылды

Израилде 30 миң аскер Газа тилкесине карата кол салуулар башталган  7 -  октябрдан бери психологиялык кеңеш алуу үчүн чакыруу борборлоруна кайрылды.

Армия тарабынан берилген маалыматта аскерлердин  85 пайызынын психологиялык жардам алгандан кийин кайрадан согушка катышкандары белгиленди.

Психологиялык жактан жабыркаган 200гө жакын аскердин армиядан бошотулушуна орун берилген билдирүүдө, аскерлер үчүн Туруктуу Үй-бүлө борбору, Согушка жооп берүү бөлүмү жана Травмадан кийинки клиникасы менен жаңы психология борборунун ачыла турганы белгиленди.

Билдирүүдө, Газага кол салуулар башталгандан бери өлкөдөгү Медициналык ассоциацияна караштуу психикалык саламаттык кызматынын бул тармакта жумушчу күчкө эң жакшы жоопту берүү үчүн бардык тармактардагы адистерден турган тармакты иштеткендиги баса белгиленди.  

Билдирүүгө караганда Армиянын саламаттыкты сактоо бөлүктөрүнүн чакыруу борбору аскерлерге биринчи жардамды берүү максатында жуманын  7 күнү  24 саат кызмат кылат.



Тектеш кабарлар