Идлибге абадан кол салуу
2 орус согуштук учагы, Идлиб шаарынын борборунун батышына 4 жолу абадан кол салуу жасады.
2109219
Орус согуштук учактарынын, Сирияда Идлиб чыңалууну азайтуу аймагына абадан кол салуусунда 1 жаран каза болуп, 5 жаран жараланды.
Оппозициячыл учактар обсерваториясынын маалыматына караганда, жергиликтүү убакыт боюнча саат 10.02де Латакиядагы Хмеймим аба базасынан удаама-удаа учкан 2 орус согуштук учагы, Идлиб шаарынын борборунун батышындагы жыгач устаканасына 4 жолу абадан кол салуу жасады.
Жарандык коргонуудан (Ак каскачандар) алынган маалыматка караганда, кол салууда 1 жаран каза болуп, 5 жаран жаракат алды.
Жабыркагандар ооруканага жеткирилди.