Бразилияда жааган жамгырдан улам сел жүрдү

Селден улам 11 миң киши эвакуацияланды.

2108860
Бразилияда жааган жамгырдан улам сел  жүрдү

Бразилиянын Акра штатында катуу жамгыр жаашы себеп болгон селден улам  11 миң киши эвакуацияланды. 

Мамлекеттик жарандык коргоо боюнча координатору Карлос Батиста Акра штатына караштуу айрым шаарларда өзгөчө кырдаалдын жарыяланганын жана Акра дарыясынын ташкындоо ыктымалына карата  11 миң киши үчүн эвакуация буйругунун чыгарылганын билдирди.

Батиста катуу жамгыр жаашы жана селдердин  17 шаарда таасирдүү болгонун, жарандык коргонуу топторунун бул аймактарда издөө -  куткаруу ишин жүргүзгөндүгүн белгиледи. 

Акра губернатору Гладсон Камели борбордук өкмөттөн жардам талап кылгандарын маалымдады. 

 



Тектеш кабарлар