АКШнын Борбордук чалгындоо мекемесинин Украинага көрсөткөн колдоосу ачыкка чыкты

Бул тууралуу АКШда жарык көргөн The New York Times (NYT) гезитинин украин жана америкалык жогорку даражалуу чалгынчыларга таянган кабарында орун алган.

2108961
АКШнын Борбордук чалгындоо мекемесинин Украинага көрсөткөн колдоосу ачыкка чыкты

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Борбордук чалгындоо мекемесинин (ЦРУ / CIA) Украинада 14 жашыруун база куруп, жабдык жана чалгындоо колдоосу менен экинчи жылы болгон Орусия менен согушта олуттуу роль ойногону ачыкка чыкты.

АКШда жарык көргөн The New York Times (NYT) гезитинин украин жана америкалык жогорку даражалуу чалгынчыларга таянган кабарында эки өлкөнүн чалгындоо кызматтарынын ортосундагы мамиленин 2022-жылдын февраль айында башталган Орусия-Украина согушунан болжол менен 8 жыл мурда башталганы баса белгиленген.

Орусия-Украина согушунда эки өлкөнүн чалгын кызматташтыгы уланып жатканда, Вашингтондун өлкөдөгү кызматкерлерин эвакуациялап, бирок тыңчыларын артта калтырганына көңүл бурулду.

Гезит ЦРУнун Украинанын чалгындоо бөлүмдөрүнө көп жылдардан бери окуу, жабдуулар жана чалгындоо жагынан колдоо көрсөткөнү, өлкөдө 14 жашыруун база курулганы жана 2022-жылы согуштун башталышы менен Украинанын коргонуусуна чоң салым кошкону белгиленген.

Кабарга караганда, ЦРУ менен Украинанын чалгындоо бөлүмдөрүнүн ортосундагы жакындык согуштан болжол менен 8 жыл мурда башталган жана АКШнын үч башка президентинин тушунда да уланган.

Советтер Союзу тарагандан кийин узак убакыт бою Орусияга жакын көрүнгөн Киев башкаруусу 2014-жылы АКШ менен жакындай баштаган.

2016-жылы ЦРУ украиналык атайын командалык бөлүктөргө орус чалгындоосунун шифрлөө системасын бузуп, орусиялык учкучсуз учуучу аппараттарын жана байланыш жабдууларын басып алууга үйрөткөн.

Атайын командалык бөлүктөгү жоокерлердин бири, генерал Кирило Буданов 2020-жылдын августунан бери Украинанын Коргоо министрлигинин чалгындоо башкы башкармалыгын жетектеп келет.

Башка жагынан алганда, ЦРУ Орусияда, Европада, Кубада жана орус калкы көп башка жерлерде иштеген украиналык чалгынчыларды окутууга жардам берген.

ЦРУнун агенттери Украина менен согуш маалында Орусия кол салууну пландаган жерлер жана ал колдоно турган курал системалары тууралуу маанилүү маалыматтарды бөлүшүп жатканда, ошол кездеги ички чалгындоо бөлүмү болгон Украинанын Коопсуздук кызматынын (СБУ) башчысы Иван Баканов: «Аларсыз Орусияга каршы туруу же жеңүү мүмкүн эмес»,- деди.

Тараптардын ортосундагы кызматташууну улантууга милдеттенме алып, ЦРУнун директору Уильям Ж. Бернс согуш башталгандан бери Украинага 10 жолу барган.



Тектеш кабарлар