Түштүк Африкада кериктер баалуу мүйүзү үчүн жок кылынууда

Түштүк Африканын экология министри Барбара Криси  кериктердин ткумунун улантылышы үчүн көрүлгөн бардык чараларга карабастан өткөн жылы мыйзамсыз аңчылыктын көбөйгөндүгүн белгиледи.

2108280
Түштүк Африкада кериктер баалуу мүйүзү үчүн жок кылынууда

Тукуму түгөнүп бара жаткан керик түрлөрү мыкты коргоого алынган өлкөлөрдөн Түштүк Африка Республикасында өткөн жылы  499 керик браконьерлер тарабынан баалуу мүйүздөрү үчүн жок кылынууда.

Түштүк Африканын экология министри Барбара Криси  кериктердин ткумунун улантылышы үчүн көрүлгөн бардык чараларга карабастан өткөн жылы мыйзамсыз аңчылыктын көбөйгөндүгүн белгиледи. 

Криси 2023 -  жылы мыйзамсыз ууланган кериктердин саны андан мурдагы жылга караганда  51 пайызга өсүп, 499га чыккандыгын билдирди. 

Эл аралык жаратылышты жана жаратылыш ресурстарын коргоо биримдигинин (IUCN) маалыматына караганда, 2023 - жылдан тарта   Африкада 6 миң  487 кара керик жана 16 миң 803 ак керик болуп жалпы   23 миң 290 керик бар.

Тукуму жок болуу коркунучу астындагы бул түр мыкты коргоого алынган өлкөлөрдүн башында Түштүк Африка турат.

Континенттеги керик түрүнүн болжол менен үчтөн эки  бөлүгүн түзгөн Түштүк Африкада 15 миңге жакын керик, анын ичинде 2 миңден ашуун кара керик жапайы жаратылышта коргоо астында жашайт.

Браконьерликке каршы күрөшүү үчүн бардык чаралар көрүлүп, мыйзамсыз аң уулагандар  он жылга эркинен ажыратылса да  акыркы жылдары жок кылынган керик саны өсүүдө.

Африканын  5 чоң  жаныбарынын бири катары белгилүү болгон жана жок болуу коркунучу алдында турган Арика кериктер кээ бир Азия өлкөлөрүндө «статустун» символу болгон мүйүздөрүнөн кооздук буюмдарын жасоо үчүн өлтүрүлүүдө.

Эл аралык контрабанда уюмдары өзгөчө эл аралык базарда килограммы он миң доллардан сатылган жана  ар бир керик башына 6 килограммдан ашык болгон бул мүйүздөр үчүн сандары акыркы жарым кылымда 65 миңден  6 миң  500дүн тегерегине азайган кара кериктерди  бутага алууда.

 



Тектеш кабарлар