Ливиянын мунай кендери

Ливиянын Улуттук мунай мекемеси бардык мунай кендери жана портторунда аткарылган иштердин калыбына келгендигин жарыялады.

2107672
Ливиянын мунай кендери

Ливиянын Улуттук мунай мекемеси бардык мунай кендери жана портторунда аткарылган иштердин калыбына келгендигин жарыялады.

Ливия Улуттук мунай мекемесинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : "Улуттук мунай мекемеси бардык кургактык жана деңиз аймактарында иштердин калыбына келүүнү улантып жаткандыгын аныктады",- деп айтылды. 

Ливиянын Коргоо министрлигине караштуу мунай объектилеринин сакчылары 15-февралдагы билдирүүсүндө, Ливиянын Улуттук Биримдик Өкмөтүнөн талаптарын аткаруусун суранып, 10 күндүн ичинде ишке ашпаса мунай кендерин жабуу менен коркуткан.

Өлкөдөгү мунай кендеринин коопсуздугунан жооптуу болгон Нефть объектилеринин күзөт кызматы мурунку күнү мунай экспорттоочу бардык мунай кендери жана порттордун жабылганын жарыялаган.

Ливия өкмөтүнөн ошол эле күнү жасалган билдирүүдө, премьер-министр Абдулхамид Дибейбе мунай объектилеринин күзөтчүлөрүнүн маяналарынын Ливия армиясынын мүчөлөрүнүн айлыктары менен бирдей болушуна буйрук бергендиги  белгиленди.

 



Тектеш кабарлар