Болгария эки орус жаранына тыюу салды

Болгариянын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик агенттиги (ДАНС) Россиянын эки жаранына "тыңчылык" деген жүйө менен өлкөгө жана Европа Биримдигинин  бардык башка өлкөлөрүнө кирүүгө тыюу салды.

2108023
Болгария  эки орус жаранына тыюу салды

Болгариянын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик агенттиги (ДАНС) Россиянын эки жаранына "тыңчылык" деген жүйө менен өлкөгө жана Европа Биримдигинин  бардык башка өлкөлөрүнө кирүүгө тыюу салды.

DANS агенттигинин билдирүүсүндө Россиянын жарандары Владимир Николаевич Горочкин (40) жана Татьяна Анатольевна Горочкинанын (38) Болгарияга жана Европа Биримдигине мүчө башка бардык өлкөлөргө 5 жылга кирүүсүнө тыюу салынгандыгы билдирилди.  

Маалыматта орус Тышкы чалгындоо кызматынын кызматкерлери экендиги айтылган Горочкин жана Горочкинанын «улуттук коопсуздукка коркунуч туудургандыгы» белгиленди.

Бул орус жарандарынын бир канча убакыт Болгарияда жашагандыгы жана Болгария жарандыгын алууга аракет кылгандыгы билдирилген маалыматта болгар күбөлүктөрүн колдонуу менен түрдүү Европа өлкөлөрүндө тыңчылык кылууну жана Россия үчүн маалымат чогултууну максат кылгандары ортого салынды.

Болгария, сентябрь айында ушуга окшогон чындыктар менен борбор шаар Софиядагы орус чиркөөсүндө кызмат кылган бир орус жана  2 белорус жаранын депортациялаган.

 



Тектеш кабарлар