Антарктика материгинде биринчи жолу куш тумоосу аныкталды

The Guardian гезитинин кабарына караганда, Аргентинанын Антарктикадагы илимий изилдөө станциясы Примавера базасынын окумуштуулары өлүп калган эки паффинди иликтешти.

2107990
Антарктика материгинде биринчи жолу куш тумоосу аныкталды

Антарктика материгинде биринчи жолу куш тумоосу (H5N1) аныкталды.

The Guardian гезитинин кабарына караганда, Аргентинанын Антарктикадагы илимий изилдөө станциясы Примавера базасынын окумуштуулары өлүп калган эки паффинди иликтешти.

Илимпоздор эки паффинде куш тумоосунун байкалганына көңүл буруп, мунун Антарктика материгинде биринчи жолу катталганын белгилешти.

Антарктика изилдөөлөрү боюнча илимий комитет болсо Антарктидадагы Хоуп булуңунда да H5N1 катары шектелген айрым учурлардын табылганын билдирди.

Изилдөө тобунун отчетунда: «Бул абал, континентти башкалардан бөлүп турган табигый чек араларга жана алыстыкка карабастан H5N1 вирусунун биринчи жолу Антарктидага жеткенин билдирет» деген сөздөр камтылды.  

Бир тараптан илимпоздор куш тумоосунун бүткүл дүйнөгө жайылышын улантып жатканын, вирустун континенталдык материкке келгин канаттуулар тарабынан ташылган болушу мүмкүн экенин айтышты.

H5N1 деп аталган куш тумоосунан улам 2021-жылдан бери миллиондогон канаттуулар кырылып калды.  



Тектеш кабарлар