Сириядагы кагылышуулар жана минанын жарылуусунан 20 киши каза болду

Ракка шаарынын борбору жана өлкөнүн түндүгүндөгү айрым аймактар ​​ПКК/ЙПГ террористтеринин басып алуусунда, ал эми провинциянын түштүк тарабы Асад режиминин күчтөрүнүн көзөмөлүндө.

2107626
Сириядагы кагылышуулар жана минанын жарылуусунан 20 киши каза болду

Сириянын түндүгүндөгү Ракка облусунда террордук уюм ПКК/ЙПГ жана Башар Асад режими орун алган аймактардагы кагылышуулар жана минанын жарылуусунан акыркы эки күндө 20 киши каза болду.

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда, ПКК/ЙПГ террористтери басып алган Ракка шаарынын борборунда Эльвелде жана Элмаглатан урууларынын ортосундагы куралдуу кагылышууда 3 киши каза болуп, 19 киши жараланды.

Шаардын борборунда уруулар ортосундагы тирешүү уланып жатканда ПКК/ЙПГ террористтери кагылышуу болгон аймактын жолун жабышты.  

Асад режиминин көзөмөлүндөгү Ракканын түштүгүндө жайгашкан Расафе аймагында кечээ козу карын издеген адамдар кирген талаада минанын жарылуусунан 4ү бала, 5и аял 14 киши каза болду.

Ошондой эле Ракка шаарынын түндүгүндөгү Кубеш жана Рафик айылдарындагы суу станциясынын күзөтчүлөрүнө белгисиз адамдар тарабынан ок атылып, 3 адам каза тапты.

Ракка шаарынын борбору жана өлкөнүн түндүгүндөгү айрым аймактар ​​ПКК/ЙПГ террористтеринин басып алуусунда, ал эми провинциянын түштүк тарабы Асад режиминин күчтөрүнүн көзөмөлүндө.



Тектеш кабарлар