Палестинанын премьер-министри кызматынан кетти

Мухаммед Штайе оккупацияланган Батыш Шерианын Рамалла шаарында өкмөттүн жумалык жыйынында сөз сүйлөдү.

2107450
Палестинанын премьер-министри кызматынан кетти

Палестинанын премьер-министри Мухаммед Штайе кызматынан кетти.

Мухаммед Штайе оккупациядагы Батыш Шерианын Рамалла шаарында өкмөттүн апталык жыйынында сөз сүйлөдү.

Отставкасын Палестинанын мамлекет башчысы Аббаска тапшырганын белгилеген Штайе, шейшемби күнү кызматтан кетүү чечимин Аббаска оозеки түрүндө да билдиргенине басым жасады.

Штайе Газа тилкесиндеги окуялардын алкагында алдыдагы мезгилде өкмөт деңгээлинде жаңы түзөтүүлөргө муктаждык бар экенин айтты.

Мухаммед Штайе Палестина мамлекети түзүлгөнгө чейин Израилге каршы күрөштү уланта тургандарын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар