Орусия: "Ласточкинону көзөмөлгө алдык"

Министрликтин билдирүүсүндө, орус аскер күчтөрүнүн Орусия-Украина согушундагы иш-аракеттерине байланыштуу маалымат берилди.

2107611
Орусия: "Ласточкинону көзөмөлгө алдык"

Орусиянын Коргоо министрлиги, Авдеевка багытындагы Ласточкино аймагынын орус армиясы тарабынан көзөмөлгө алынганын билдирди.    

Министрликтин билдирүүсүндө, орус аскер күчтөрүнүн Орусия-Украина согушундагы иш-аракеттерине байланыштуу маалымат берилди.   

Орус армиясынын Украинанын Донецк аймагындагы позицияларын бекемдөөнү улантып жатканы белгиленген билдирүүдө: «Борбордук күчтөр тобунуна караштуу бөлүктөр Авдиеевка багытындагы Ласточкино конушун бошотуп, фронттук позицияларын жакшыртууну улантышты»,-деп айтылды.    

Украина армиясына таандык 62 учкучсуз учуучу аппараттын жок кылынгандыгы кабарланган билдирүүдө төмөнкүлөр айтылды: «Аскердик операция башталгандан бери Украин армиясына таандык 574 учак, 267 тик учак, 13 миң 454 учкучсуз аппарат, 474 абадан коргоочу ракеталык система, 15 миң 237 танк жана бронетехника, 1226 көп стволдуу ракета аткычтар, 8 миң 167 гаубица жана минометтор менен 19 миң 95 атайын аскердик унаа жок кылынды».



Тектеш кабарлар