НАТОнун «Dynamic Manta-2024» машыгуусу

Машыгууга, Түрк деңиз күчтөрүнөн быйыл Превеза үлгүсүндөгү суу астындагы кемелерден TCG Anafartalar (S-356) жана Габя үлгүсүндөгү фрегаттардан TCG Gediz (F-495) катышат.

2107362
НАТОнун «Dynamic Manta-2024» машыгуусу

НАТО тарабынан суу үстүндөгү жана деңиздин астындагы согуштарда союздаш өлкөлөрдүн кызматташтыгын жакшыртуу жана машыгуу деңгээлин жогорулатуу максатында уюштурулган «Dynamic Manta-2024 (DYMA 24)» машыгуусу 26-февралдан 8-мартка чейин өткөрүлөт.

НАТОнун союздаш деңиз командирлигинен (MARCOM) берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, MARCOM тарабынан уюштурулган жана Италиянын деңиз күчтөрүнүн кожоюндугунда бүгүн башталып 8-мартка чейин улана турган машыгууга НАТО шериктештери Түркия, Канада, Франция, Германия, Греция, Италия, Испания, Британия жана Америка Кошмо Штаттары катышууда.

Италиянын түштүгүндөгү Сицилия аралынын жээктеринде өткөрүлө турган машыгуунун алкагында 9 өлкөнүн шериктеш кемелери, суу астында жүрүүчү кайыктары жана деңиз кайгуул учактары биргелешкен машыгуу үчүн чогулат.

«Dynamic Manta 2024» машыгуусу, бардык катышуучу өлкөлөрдүн аскерлери жана элементтерине жер астындагы ар кандай коркунучтарга жооп кайтаруусу үчүн суу астындагы кемелердин экипаждарынын биргелешип иш жүргүзүү жана жөндөмдүүлүгүн арттырууга багытталууда.  

Жер Ортолук деңизиндеги эң чоң жана эң татаал суу астындагы кемелерге каршы согуш аракети катары аныкталган машыгууга, Түрк деңиз күчтөрүнөн быйыл Превеза үлгүсүндөгү суу астындагы кемелерден TCG Anafartalar (S-356) менен Габя үлгүсүндөгү фрегаттардан TCG Gediz (F-495) катышат.



Тектеш кабарлар