Газада ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр

Египетте өкмөткө жакын Al-Ikhbariyya кабар каналы Газа тилкесинде ок атышпоо үчүн Дохада эксперттер деңгээлинде сүйлөшүүлөр башталганын ишенимдүү булактарга таянып жарыялады.

2107107
Газада ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр

Египет медиасы 7-октябрдан бери катуу кол салууларга дуушар болгон Газада ок атышпоо үчүн Катардын борбор шаары Дохада сүйлөшүүлөрдүн кайра башталганын кабарлады.

Египетте өкмөткө жакын Al-Ikhbariyya кабар каналы Газа тилкесинде ок атышпоо үчүн Дохада эксперттер деңгээлинде сүйлөшүүлөр башталганын ишенимдүү булактарга таянып жарыялады.

Сүйлөшүүлөр качан башталганы жана окуялар тууралуу кеңири маалымат берилген жок, башка тиешелүү тараптардан бул тема боюнча расмий билдирүү жасала элек.

Дохадагы сүйлөшүүлөрдөн кийин жолугушуулардын Египеттин борбор шаары Каирде улана турганы да кабарда белгиленди.

Бир тараптан Израилдин Channel 12 телеканалы израилдик бир жооптууга шилтеме берип, Газада камалган туткундардын бошотулушу үчүн сүйлөшүүлөрдө жылыш болгонун жана алдыдагы бир нече күн ичинде бардык майда-чүйдөсүнө чейин сүйлөшүү үчүн Катарга делегация жибериле турганын билдирди.

Израилдин расмий телевидениеси болсо Каирдеги мурунку жолугушууларында Хамастын туткундарды алмаштыруу үчүн Газадагы согушту токтотуу шартында өжөрлөнүп келгенин эске салды.

Лондондо жайгашкан араб тилдүү Shark al-Awsat гезитинин палестиналык булактарга таянган кабарына караганда, Хамас менен Израилдин ортомчулары сүйлөшкөн Газа тилкесиндеги ок атышууну токтотуу жана өз ара туткундарды алмашуу келишими этап менен, алгач 6- жумалык ок ​​атышпоо жана Газадагы 35ке жакын израилдик туткунду бошотуу  пландалган.

Израилдин түрмөлөрүндөгү жүздөгөн палестиналык туткундар да бошотулат.



Тектеш кабарлар