Боррел Израилдин мыйзамсыз турак жай куруу планын «чагымчыл жана коркунучтуу» деп билдирди

Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррел X эсебинде жасаган билдирүүсүндө отурукташуулардын аймактагы коопсуздук жана чыңалуу атмосферасын арттырганын белгиледи.

2107015
Боррел Израилдин мыйзамсыз турак жай куруу планын «чагымчыл жана коркунучтуу» деп билдирди

Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррел Израилдин эки жуманын ичинде басып алынган Батыш Шериада 3300дөн ашуун мыйзамсыз турак жай куруу планын «чагымчыл жана коркунучтуу» деп билдирди.

Боррелл X эсебинде жасаган билдирүүсүндө отурукташуулардын аймактагы коопсуздук жана чыңалуу атмосферасын арттырганын белгилеп: «Бул тынчтык аракеттерине тоскоол болуп, эл аралык укуктун олуттуу бузулушуна алып келет», - деп айтты.

Израиль өкмөтүнүн басып алынган Батыш Шериадагы Бейтуллахим шаарына жакын жердеги Маале Адумим жөөт конушуна 2350 үй, Кедарга 300гө жакын үй жана Эфрат мыйзамсыз жөөт конушунда 700 үйдүн курулушуна уруксат берүүнү пландаганы коомчулукка белгилүү болду.

Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен да бул билдирүүдөн «тынчсызданганын» айткан.



Тектеш кабарлар