Иран Россияга баллистикалык ракеталарды жөнөттү деген айыптоолорду четке какты

Ирандын Бириккен Улуттар Уюмундагы  туруктуу өкүлчүлүгү X социалдык медиа платформасында Рейтер агенттигинин «Иран Россияга баллистикалык ракеталарды берип жатат» деген билдирүүсүнө жооп берди.

2106903
Иран Россияга баллистикалык ракеталарды жөнөттү деген айыптоолорду четке какты

Иран Украинадагы согушта колдонуу үчүн Россияга баллистикалык ракеталарды жөнөттү деген айыптоолорду четке какты.

Ирандын Бириккен Улуттар Уюмундагы  туруктуу өкүлчүлүгү X социалдык медиа платформасында Рейтер агенттигинин «Иран Россияга баллистикалык ракеталарды берип жатат» деген билдирүүсүнө жооп берди.

Билдирүүдө : "Балистикалык ракеталарды сатууга байланыштуу эч бир мыйзамдуу чектөө болбогонуна карабастан   Иран Россия  -  Украина кагылышуусу  учурунда  согушту көкүтпөө үчүн курал - жарак соодасынан алыс турууга милдеттүү жана бул Ирандын  эл аралык мыйзамга жана БУУнун келишимине берилгендигинен улам келип чыгууда", - деди.

Рейтер агенттигинин 21-февралдагы кабарында аты аталбаган ирандык жетекчиге таянып, Ирандын Россияга болжол менен 400 баллистикалык ракета бергендиги айтылган.

Америка Кошмо Штаттарынын Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Кирби бул дооматты тастыктай албагандарын  бирок Ирандын Россияга баллистикалык ракеталарды берүү ыктымалына «эл аралык коомчулуктун реакциясы тез жана катаал болоорун» айткан. 

 

 



Тектеш кабарлар