Орусия танк жана учкучсуз учуучу аппараттарды өндүрүүнү арттырууда

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу билдирүү жасады.

2105968
Орусия танк жана учкучсуз учуучу аппараттарды өндүрүүнү арттырууда

Орусия танктарды жана дрондорду жасап чыгарууну арттырууда. Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун билдирүүсүнө караганда, былтыр орус армиясында колдонулган учкучсуз учуучу аппараттардын саны 17 эсеге, танктардын саны 6 эсеге көбөйдү. Мындан тышкары артиллерия жана учак снаряддарынын саны 17,5 эсеге артты.

Шойгу: «Бул албетте, келечекке ишенимдүү кароого мүмкүндүк берет, бирок ошондой болсо да максаттарыбыз зор»,- деди.

Министрдин билдирүүсүнө ылайык, 2023-жылы Орусиянын Куралдуу күчтөрүнө 540 миңден ашуун жоокер контракт менен алынган. Бул алты дивизиядан турган запастык армиянын түзүлүүсүн камсыздады.

Шойгу: «Бүгүнкү күндө булар күчтүү күч бирдигин түзгөн жакшы даярдалган кесипкөй бөлүктөр. Үстүбүздөгү жылдын башынан бери 50 миңге жакын адам контракттык аскердик кызматка кирип, алардын саны өсүүдө», - деди.

Орус министри ошондой эле Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 2023-жылдын жай айында башталган контрчабуул учурунда орус армиясынын биринчи коргонуу линиясына да кире албаганын билдирди. Шойгу белгилегендей, коргонуу линиясынын сексен пайызы инженерлер жана темир жол бөлүктөрү тарабынан курулган. Украин тарап Орусия каршы чабуулга даярданууда чоң аймактарга көп сандаган миналарды койгонуна нааразы болгон. Орусиянын коргонуу линиясынын мина талаасы менен курчалышы Украинанын операциясын үзгүлтүккө учураткан негизги себептердин бири катары көрсөтүлүүдө.



Тектеш кабарлар