КААНдын алгачкы учуусу немис медиасында кеңири чагылдырылды

Улуттук согуштук учак КААН алгачкы учуусун ийгиликтүү ишке ашырды.

2105819
КААНдын алгачкы учуусу немис медиасында кеңири чагылдырылды

Улуттук согуштук учак КААНдын алгачкы учуусу Германиянын маалымат каражаттарында кеңири чагылдырылды.

Немис Welt гезитинин «Бул бурулуш учур, Түркиянын согуштук учак өлкөсү катары көтөрүлүшүнө ишарат кылууда» деген кабарында КААНдын алгачкы учуусун ийгиликтүү аяктаганы белгиленди.

Кабарда Түркиянын заманбап согуштук учактарды өндүрүүдө өзүн-өзү камсыз кылуу үчүн күч-аракетин арттырып жатканы, мунун тездик менен өсүп жаткан коргоо өнөр жайы үчүн тарыхый бурулуш болгонуна көңүл бурулду.

Эки моторлуу согуштук учактын 5-муун деп аталган модель экени жана жашыруундуулук өзгөчөлүктөргө ээ болгондуктан радар аркылуу аныктоонун кыйын экени айтылды.

Авиациялык Flugrevue сайтындагы кабарда да КААНдын Түркиянын үмүт жарыгы жана асмандагы жаңы согуштук учак экени билдирилди.

Жашыруун өзгөчөлүктөргө ээ Түркиянын улуттук согуштук учагы алгачкы ийгиликтүү учуусун ишке ашырганы маалымдалды.

«Frankfurter Allgemeine» гезити да «Түркия КААНды тартуулады» деген кабарында Түркияда чыгарылган согуштук учактын алгачкы учуусун ийгиликтүү аяктаганын кабарлады.

Гезитте Украинанын Түркиянын 5-муундагы КААН согуштук учагына эмитен эле кызыгып жатканы жазылды.

Италиянын алдыңкы гезиттеринен Il Messaggero да бул кабарды «Түркия КААндын биринчи учуусун ишке ашырды» деген баш сөз менен окурмандарына жарыялады.

Кабарда «Бул учак, өлкөнүн коргоо өнөр жайынын алдыңкы долбоорлорунун бирин өкүлдүк кылууда»,-деп баа берилди.

Ошондой эле «Жогорку бийиктикке учуу жана суперсоникалык ылдамдыкта стратегиялык чабуул коюу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон бул учак улуттук өндүрүштөгү акылдуу ок-дарылар менен куралданат»,-деген сөздөр камтылды.

Италиянын ANSA агенттиги да кабарды «Анкара ата мекендик согуштук учагын таанытты» деген тема менен абоненттерине жеткирди.

Коргоо өнөр жайынан кабар берген италиялык интернет сайттары да кечээ алгачкы учуусун жасаган КААНдын техникалык өзгөчөлүктөрүнө кеңири орун берди.



Тектеш кабарлар