"Испания менен Марокко кызматташууну бекемдеп жатат"

Марокко Испания менен карым – катнаштарынын бардык тармактарда өнөктөштүк жана кызматташуу менен бекемделгендигин билдирди.

2106087
"Испания менен Марокко кызматташууну бекемдеп жатат"

 Марокко Испания менен карым – катнаштарын бардык тармактарда өнөктөштүк жана кызматташуу менен бекемделгендигин билдирди.

Марокконун Королдук кеңешинен берилген маалыматта Марокконун королу VI Мухаммеддин өлкөсүнө бир күндүк сапар менен барган Испаниянын премьер-министри Педро Санчес менен борбор шаар Рабатта жолугушкандыгы билдирилди.

Билдирүүдө Марокко менен Испаниянын ортосундагы карым  - катнаштардын ишеним, сый  - урмат, жакшы коңшулук принциптери жана милдеттерди аткарууга негизделген бардык тармактарда кызматташуу, координация жана өнөктөштүктүн бекемделиши менен алдыга чыккандыгы баса белгиленди.

Санчез жана  VI Мухаммеддин 2030 Дүйнөлүк кубогунун Марокко, Испания жана Португалиянын жетекчилигинде өткөрүлүшүнүн Испания жана Марокко карым  - катнаштарына кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн бергендиги жана эки тараптуу карым  - катнаштарды бекемдей тургандыгы тууралуу бирдей пикирде экендиги билдирилди.

Билдирүүдө Санчездин өзгөчө Атлантика океанына жээктеш болгон Африка өлкөлөрү демилгеси, Сахел аймагындагы өлкөлөрдүн Атлантика океанына жетүүсүн колдоо демилгеси жана Африканы Европа базары менен байланыштыра турган  Нигерия  - Марокко газ кууру долбоору жана Король VI  Мухаммед баштаган демилгелерге Испаниянын кызыгуусун билдиргендиги маалымдалды.

Марокко менен Нигериянын ортосунда  2018 -  жылы кол коюлган жаратылыш газ куурунун курулушу боюнча келишим менен Марокко башта болгон Батыш Африка менен Европа өлкөлөрүнүн жаратылыш газ муктаждыктарынын камсыздалышы жана Африка өлкөлөрүнүн өнөр жай тармагында өнүгүшү максат кылынууда.

5 миң  600 километр болуп долбоорлонгон куурдун Нигериядан башталып Бенин. Того, Гана, Кот-д'Ивуар, Либерия, Сьерра-Леоне, Гвинея, Гвинея-Бисау, Гамбия, Сенегал жана Мавританиядан өтүп Мароккого барышы пландалууда.



Тектеш кабарлар