Йенс Столтенберг Грузиянын жаңы премьер  -  министри Иракли Кобакидзе менен жолугушту

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Грузиянын НАТО жана Европа Биримдигинин бир бөлүгү болушун колдогондорун айтты.

2105755
Йенс Столтенберг Грузиянын жаңы премьер  -  министри Иракли Кобакидзе менен жолугушту

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Грузиянын НАТО жана Европа Биримдигинин бир бөлүгү болушун колдогондорун айтты.

Йенс Столтенберг Грузиянын жаңы премьер  -  министри Иракли Кобакидзе менен Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТО штабында жолугушту.

Столтенберг НАТО өнөктөшү Грузиянын эгемендигин жана жеринин бүтүндүгүн колдой турганын белгилеп, Россия басып алган аймактардагы аннексия чечиминин кабыл алынгыс экенин баса белгиледи.

Грузия менен НАТОнун ортосундагы өнөктөштүктү дагы кандай өнүктүрүү керектигин карап чыгышарын айткан Столтенберг : «Грузиянын Европа  -  Атлантика үй  - бүлөсүнө  толук мүчөлүккө, демократия жана гүлдөп  - өнүгүүгө карай алдыга жылышын көргүбүз келет»,-деди.

Кобахидзе кызматын өткөрүп алгандан кийин биринчи өлкө тышы сапарын Брюсселге, Европа Биримдиги жана НАТОго жасашынын өлкөсүн бул «үй – бүлөнүн»  бир бөлүгү кылуу эркин чагылдыргандыгын айтты.

Өлкөсүнүн көптөгөн жылдардын ичинде НАТОнун лидерлигиндеги миссия жана операцияларга катышкандыгын белгилеген Кобакидзе мунун өз коргонуу жөндөмдүүлүктөрүнүн НАТО менен шайкеш келишине салым кошкондугун айтты.

Кобахидзе  өлкөсүнүн  20 пайызынын оккупацияда экендигин баса белгилеп, НАТО жана союздаштарга өлкөсүн ар дайымкыдан дагы көп колдоого чакырды.

Грузин премьер  - министр мурунку күнү да Европа Биримдиги Комиссиясынын төрагасы Шарль Мишель Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррел жана Европа Биримдиги коңшулук жана кеңейүү боюнча жооптуу мүчөсү Оливер Вархели менен мурунку күнү жолугушту.

Грузия Европа Биримдигине талапкер өлкө статусун декабрда алган.



Тектеш кабарлар