Гебреисус: «Суданда адамдар негизги медициналык кызматтарга жете албагандыктан каза болууда»

Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебреисус өлкөдө апрель айынан берки кагылышуулар адамдардын жашоосуна, тиричилигине жана ден-соолугуна таасир этип өлүмгө алып келгенин баса белгиледи.

2105772
Гебреисус: «Суданда адамдар негизги медициналык кызматтарга  жете албагандыктан каза болууда»

10 айдан бери кагылышуулар уланып жаткан Суданда адамдардын негизги медициналык кызматтарга жана дары-дармектерге жете албагандыктан каза болгондугу билдирилди.

Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебреисус өлкөдө апрель айынан берки кагылышуулар адамдардын жашоосуна, тиричилигине жана ден-соолугуна таасир этип өлүмгө алып келгенин баса белгиледи.

Гебреисус: «Суданда 6 миллиондон ашуун адам ички жер которгон жана 2 миллионго жакын адам коңшу өлкөлөргө кеткен. Бул дүйнөдөгү адамдардын эң чоң жер которуу окуясы. Калктын жарымы гуманитардык жардамга муктаж. Бирок өнөктөштөр бул жардамдардын көбинө жете алышпайт. Эмитеден 14 миңден ашык адам набыт болду. Эгерде дүйнө жүзү Судандагы азап-кайгыга көңүл бурбаса, дагы көптөгөн адамдар каза болот»,-деди.

Гебреисус Судандагы ооруканалардын төрттөн үчү кагылышуулардан улам кызмат көрсөтө албаганын, судандыктардын негизги медициналык кызматтарга жана дары-дармектерге жете албагандыктан каза болгонун айтты.

Гебреисус, кагылышуулар башталгандан кийин Судандагы саламаттыкты сактоо борборлоруна 62 кол салуу болгонун ырастагандарын, бул кол салууларда 38 киши каза болуп, 45 киши жараланганын белгиледи.

Суданда апрель айынын ортосунан бери Эгемендүүлүк кеңешинин төрагасы, генерал Абдулфеттах аль-Бурхандын командирлигиндеги армия менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн (HDK) ортосунда катуу кагылышуулар уланып келет.

БУУнун маалыматы боюнча, дүйнөдөгү эң чоң жер которуу кризиси орун алган өлкөдө кагылышуулардын натыйжасында 13 миңден ашуун адам каза болуп, 6 миллион адам өлкөнүн ичиндеги башка шаарларга жана 1,7 миллион адам айланасындагы өлкөлөргө качкан.



Тектеш кабарлар