Зоопаркта иштеген жумушчу арстандын кол салуусунан каза болду

Обафеми Аволово университетиндеги зоопаркта иштеген Олабоде Олавуйи арстандарга тамак берип жатканда кол салууга дуушар болду.

2105351
Зоопаркта иштеген жумушчу арстандын кол салуусунан каза болду

Африка өлкөлөрүнүн бири Нигерияда зоопаркта иштеген жумушчу арстандын кол салуусунан каза болду.

Улуттук маалымат каражаттарында орун алган кабарга караганда, Обафеми Аволово университетиндеги зоопаркта иштеген Олабоде Олавуйи арстандарга тамак берип жатканда кол салууга дуушар болду.

Кол салууда жумушчу Олавуйи каза тапты.

Жумушчуга кол салган арстан укол менен уктатылды.



Тектеш кабарлар