Вархели : «Грузияны чыныгы Европа өлкөсү кылабыз»

Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Евробиримдик-Грузия Өнөктөштүк кеңешинин 8-жыйыны өттү.

2105407
Вархели : «Грузияны чыныгы Европа өлкөсү кылабыз»

Европа Биримдиги (ЕБ) Комиссиясынын коңшулук жана кеңейүү боюнча жооптуу мүчөсү Оливер Вархели, «талапкер өлкө Грузияны чыныгы европалык өлкө кыла тургандарын» айтып, бул багытта ишти тездетүүнү чечкендерин жарыялады.

Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Евробиримдик-Грузия Өнөктөштүк кеңешинин 8-жыйыны өттү.

Грузияга талапкер өлкө статусунун берилишинен кийин өткөрүлгөн биринчи жыйналыштан кийин баа берген Вархели : «Грузияны чыныгы Европа өлкөсү кылабыз»,-деп айтты.

Вархели Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе менен ЕБге карай жылыш жана таштала турган кадамдар боюнча иштерди тездетүүнү чечкенин айтты.

Бул контекстте эң маанилүү жана конкреттүү долбоордун Кара деңиз электр жана кең тилкелүү интернет кабели долбоору экенин баса белгилеген Вархели: «Бул бурулуш мүнөзүндөгү маанилүү долбоор»,-деди.

Вархели: «Биз Грузиянын жаңы соода жолунун борбору болуу потенциалына ээ болгон транспорт байланышын талкууладык. Бирок бул үчүн Кара деңиздин Европага кеткен кийинки коридору болушу керек. Грузин портторун жаңыртышыбыз керек»,-деп өз баасын берди.

Евробиримдик Украина жана Молдова менен бирге 2022-жылы мүчөлүккө кирүүгө арыз берген Грузияга 14-декабрда талапкер өлкө макамын берген.



Тектеш кабарлар