Сомали Түркия менен коргоо тармагында кызматташуу келишимин жактырды

Сомалинин маалымат министри Дауд Авейс X социалдык медиа эсебинен өлкөсүнүн Түркия менен коргонуу кызматташтыгы келишимине байланыштуу билдирүү жарыялады.

2105623
Сомали Түркия менен коргоо тармагында  кызматташуу келишимин жактырды

Сомалинин министрлер кабинети Түркия менен коргоо тармагында кызматташууга кол коюлган келишимди жактырды.

Сомалинин маалымат министри Дауд Авейс X социалдык медиа эсебинен өлкөсүнүн Түркия менен коргонуу кызматташтыгы келишимине байланыштуу билдирүү жарыялады.

Эки өлкөнүн ортосундагы келишимдин абдан маанилүү кадам экендигин белгилеген Авейс : «Кабинет НАТО мүчөсү жана Сомалинин жакын союздашы Түркия менен кол коюлган коргонуу кызматташуу келишимин жактырды. Бул бурулуш жери мүнөзүндөгү 10 жылдык келишим, Сомали өкмөтүнүн эгемендигин коргоо аракеттерин маанилүү өлчөмдө күчөтөт»,- деди.

Түркия менен Сомалинин ортосунда  8 -  февралда коргонуу жана коопсуздук темаларын да камтыган Коргонуу жана экономикалык кызматташуунун алкактык келишимине кол коюлган. Экономикалык жана саясий маселелер болуп жаткан Сомалиде террордук уюм Еш – Шабаб көптөгөн жылдар коопсуздук маселесин жаратууну улантууда.



Тектеш кабарлар