Германияда качкындарга карата кол салуулар көбөйүүдө

Германияда качкындарга жана качкындардын жатаканаларына карата кол салуулар өткөн жылы андан мурдагы жылга караганда эки эсеге көбөйдү.

2105442
Германияда качкындарга карата кол салуулар көбөйүүдө

Германияда качкындарга жана качкындардын жатаканаларына карата кол салуулар өткөн жылы андан мурдагы жылга караганда эки эсеге көбөйдү.

«Нойен Оснабрюккер» газетасы солчул партиянын депутаты Клара Бюнгердин суроого берген жообун жарыялады. 

Кабарга караганда өлкөдө  2022 -  жылы качкындарга карата  1248 кол салуу болуп, 2023 - жылдагы маалыматта кол салууларда бир жыл мурункуга караганда дээрлик эки эсе көбөйүү болгондугун ортого салды. Өлкөдө  2023 -  жылы качкындарга карата  2 миң  378 кол салуу болду. 

Өткөн жылы качкындарды бутага алган  313чү зомбулуктарды камтыган кол салууларда  219 киши жаракат алган. 

Качкындар лагерлерине карата  2022 -  жылы 70 кол салуу болгон өлкөдө  бул сан  2023 -  жылы  180 болуп катталды. 

Кабарда баа берүүлөрүнө орун берилген Бюнгер расисттердин ар дайым бар болгон кыжырдануусун  ишке ашыруу жана качкындарга кол салуу үчүн өздөрүнөн күч табууларынын таң калтыруучу эмес экендигин айтты.



Тектеш кабарлар