Германия: "Украина менен бирге болууну улантабыз"

Анналена Баербок, Бразилияда өтө турган Чоң жыйырмалыктын тышкы иштер министрлеринин жыйынынын алдында жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

2105516
Германия: "Украина менен бирге болууну улантабыз"

Германиянын тышкы иштер министри Анналена Баербок, эли кайрадан эркиндикке чыкканга чейин Украинанын жанында боло тургандарын айтты.

Анналена Баербок, Бразилияда өтө турган Чоң жыйырмалыктын тышкы иштер министрлеринин жыйынынын алдында жарыялаган жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «(Орусиянын президенти Владимир) Путин Украинага өлчөөсүз азап тарттырууну улантууда, башкача айтканда ал жердеги элдин башына мылтык такап жатат. Путин эки жылдан кийин дүйнөнүн Украинадагы согушка жана анын трагедиялуу глобалдык кесепеттерине ким жооптуу экенин унутарын ойлоп жатса жаңылууда. БУУнун негизги принциптеринен эч качан баш тартпайбыз жана эли кайрадан тынчтыкта, эркиндикте жашаганга чейин зарылчылыкка жараша Украина менен бирге болобуз»,- деп айтты.

Баербок, орус өкмөтү сыяктуу эң күчтүүлөрдүн укуктарын гана кызыктырган дүйнөлүк актерлордун ырайымсыздыгына эл аралык мыйзамга берилгендиги менен каршы тургандарын баса белгиледи.

Немис министри ошондой эле Дүйнөлүк банктын ыйгарым укугунун эми климатты коргоону да камтышы жана Африка Биримдигинин G20га кошулуусу кеч калган бирок маанилүү кадамдар экенин айтты.



Тектеш кабарлар