G7 өлкөлөрүнүн лидерлери видеоконференция аркылуу жолугушат
Бул тууралуу Италиянын Премьер-министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат жарыяланды.
Америка Кошмо Штаттары (АКШ), Германия, Канада, Франция, Англия, Италия жана Япониядан турган Чоң жетилик (G7) өлкөлөрүнүн лидерлери, 24-февралда Орусия-Украина согушунун башталганынын 2 жылдыгын белгилөө үчүн видеоконференция аркылуу жолугушары кабарланды.
Италиянын Премьер-министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Чоң жетиликтин лидерлеринин Италиянын кезектешкен төрагалык мөөнөтүндө биринчи жолугушуусун 2022-жылдын 24-февралында Орусиянын Украинага кол салуусу менен башталган согуштун 2 жылдыгында видео конференция аркылуу өткөрөрү белгиленди.
Италиянын премьер-министри Жоржия Мелонинин жетекчилиги астында өтө турган жыйынга Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин да катышуусу күтүлүүдө.
Италиянын кезектешкен төрагалык мөөнөтүндө G7 лидерлеринин бетме-бет саммити 13-15-июнь күндөрү өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Пуглия аймагында өткөрүлөт.