Франция бир имамдын депортациялана тургандыгын жарыялады

Франциянын Ички иштер министри Жеральд Дарманин «жек көрүүчүлүккө чакыруу» деген сөзүнөн улам бир имамдын депортацияланарын жана жашоого уруксатынын алынарын билдирди.

2105447

Дарманин расмий Х социалдык медиа эсебинен имамдын сөздөрүнүн прокурорго билдирилгендигин, депортациялоо максатында жашоо уруксатынын кайра алынышынын талап кылынгандыгын белгилеп, жек көрүү чакырыгынын жоопсуз калбай тургандыгын эскертти. 

Сөз болуп жаткан имам социалдык медиадан жарыялаган видеосунда Франциянын атын бербестен "үч түстүү" желекти, "Кудай алдында эч бир баалуулугу жок жаман желек" деп мүнөздөгөн. 

Ички иштер министри буга чейинки твиттеринде Ички коопсуздук боюнча башкы директорлугу  (DGSI) менен биргеликте "саясий жана радикал исламга" каршы күрөштүн алкагында 2023 - жылы депортациянын көрсөткүчү 2022 - жылга салыштырмалуу 26 пайызга өскөнүн жарыялаган. 

Министр өзгөчө : "Президент Эммануэль Макрондун талабы боюнча  Ички коопсуздук боюнча башкы директорлугу тарабынан жүргүзүлгөн радикал жана саясий исламга каршы күрөштү күчөттүк",- деп билдирген. 

Тектеш кабарлар