Дюжаррик: «Ветонун колдонулушун түшүндүрүү керек»

Алжир тарабынан БУУнун Коопсуздук Кеңешине сунуш кылынган «Газада ок атышууну тез арада токтотууну талап кылуу, жарандарга каршы ар кандай кол салууларды айыптоо жана мажбурлап көчүрүүгө каршы туруу» резолюция долбоору добушка коюлду.

2105161
Дюжаррик: «Ветонун колдонулушун түшүндүрүү керек»

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Алжирдин Газада чукул гуманитардык ок ​​атышууну токтотууну талап кылган резолюция долбооруна вето коюусунан кийин «Ветонун колдонулушун түшүндүрүү керек» деди.

Алжир тарабынан БУУнун Коопсуздук Кеңешине сунуш кылынган «Газада ок атышууну тез арада токтотууну талап кылуу, жарандарга каршы ар кандай кол салууларды айыптоо жана мажбурлап көчүрүүгө каршы туруу» резолюция долбоору добушка коюлду.

15 мүчөдөн турган БУУнун Коопсуздук Кеңешинде АКШ вето койгон резолюция долбооруна Британия «калыс» жана 13 өлкө «макул» деп добуш берди.

АКШ БУУнун Коопсуздук Кеңешине 16, 18, 25-октябрда жана 8-декабрда сунушталган Газага байланыштуу резолюция долбоорлоруна вето койду.

АКШнын акыркы ветосу тууралуу сөз сүйлөгөн БУУнун басма сөз катчысы Дюжаррик: «Биздин билдирүүбүз өзгөргөн жок. Башкы катчы (Антонио Гутерриш) Газада гуманитардык ок ​​атышууну токтотуу чакырыгын кайталап, Коопсуздук кеңешинин бир добуштан сүйлөшүн каалайт»,-деп айтты.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 5 туруктуу мүчөсүнүн чоң жоопкерчиликтери бар экенин баса белгилеген Дюжаррик : «Ветонун колдонулушун түшүндүрүү керек»,-деди.

Израилдин БУУдагы туруктуу өкүлүнүн БУУнун Палестиналык качкындарга жардам жана иштер боюнча агенттигин (UNRWA) «террордук уюм» деп атаганына байланыштуу Дюжаррик : «UNRWA Газага гуманитардык жардам көрсөтүү иштеринин негизин түзүүнү улантууда»,-деп баса белгиледи.



Тектеш кабарлар