TikTok социалдык медиа платформасы териштирилет

Евробиримдиктин комиссиясынын билдирүүсүнө караганда TikTok жүргүзүп жаткан иштери Санариптик кызматтар актынын (DSA) эрежелерине ылайык келип келбегени иликтенет.

2104857
TikTok социалдык медиа платформасы териштирилет

Европа Биримдиги (ЕБ) Комиссиясы TikTok социалдык медиа платформасынын Санариптик кызматтар актынын (DSA) эрежелерин бузгандыгын аныктоо үчүн расмий иликтөө баштады.

Евробиримдиктин комиссиясынын билдирүүсүнө ылайык, TikTok «балдарды коргоо, ачык-айкын жарнак, изилдөөчүлөр үчүн маалыматтарга жетүү жана платформанын көз карандылыкты жаратуучу дизайны жана зыяндуу мазмундун тобокелдиктери» менен байланышкан маселелер боюнча DSA эрежелерин бузабы же жокпу, бааланат.

Кызматтык иликтөө TikTokтун сентябрь айында Комиссияга берилген отчетуна жана маалымат талаптарына берилген жооптордон кийин жүргүзүлгөн алдын ала иликтөөнүн жыйынтыгында башталган.

Билдирүүдө, аткарылган башка чаралар, айрыкча ТикТок платформасынын жашы жете электердин орунсуз мазмунга кирүүсүнө жол бербөө үчүн колдонгон жашты текшерүү системасы «жетишсиз, ылайыктуу жана натыйжалуу эмес» деген шектенүү бар экени белгиленген.

Тергөө ошондой эле платформа «жашы жете электердин купуялыгын жана коопсуздугунун жогорку деңгээлин камсыз кылуу үчүн» адекваттуу жана пропорционалдуу чараларды көрөбү же жокпу, текшерет.

Мындан тышкары, платформанын көз карандылыкты жараткан дизайнынын, анын ичинде алгоритмдердин балдардын укуктарын коргоого, адамдын физикалык жана психикалык саламаттыгына терс таасирлери жана радикалдашууга тийгизген таасири каралат.

Мындан тышкары, иликтөөнүн башка темалары социалдык медиа платформасындагы жарнактардын DSA менен шайкештигин жана изилдөөчүлөргө платформанын ачык маалыматтарына кирүү мүмкүнчүлүгүн берүүдөгү «шектүү кемчиликтерди» камтыйт.

Август айында күчүнө кирген ЕБ мыйзамы негизги санарип платформаларына катуу эрежелерди алып келди.

ЕБ эрежелерди бузган санариптик платформаларга дүйнөлүк жүгүртүүнүн 6 пайызына чейин айып пул салышы мүмкүн. Кайталап бузуулар болгон учурда, бул санариптик платформалардын ЕБдеги ишмердүүлүгү токтотулушу мүмкүн.



Тектеш кабарлар