Путин Кимге унаа белек кылды

Түндүк Кореянын Борбордук маалымат агенттигинин (KCNA) жазганына караганда, Владимир Путин Түндүк Кореянын лидери Кимге өзгөчө достуктун белгиси катары жеке колдонуусу үчүн орус унаасын  белек кылды.

2104866
Путин Кимге  унаа белек кылды

Россиянын президенти Владимир Путин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынга орус унаасын белек кылды.

Түндүк Кореянын Борбордук маалымат агенттигинин (KCNA) жазганына караганда, Владимир Путин Түндүк Кореянын лидери Кимге өзгөчө достуктун белгиси катары жеке колдонуусу үчүн орус унаасын  белек кылды.

Модели такталбаган унааны Кимдин карындашы Ким Ё Чон менен Жумушчу партиясынын Борбордук комитетинин катчысы Пак Чон Чон кабыл алды.

Ким бул белектин эки өлкөнүн лидерлеринин ортосундагы өзгөчө мамиленин көрсөткүчү экенин белгилеп, Путинге агасынын ыраазычылыгын билдирди.

Түндүк Кореянын лидери сентябрда Россияга жасаган сапарында Путиндин жеке Aurus Senat лимузинине минген. Бул сапардан кийин эки өлкөнүн мамилеси дагы жакшыргандыгы айтылууда.

 



Тектеш кабарлар