НАТОнун Парламенттер ассамблеясынын мүчөлөрү Брюсселде НАТО штабында жылдык жыйын үчүн чогулушту

Баш катчы Столтенберг Щерба менен ассамблеянын Түндүк Атлантика кеңешинин туруктуу өкүлдөрүнүн жылдык жыйынына да жетекчилик кылды.

2104836
НАТОнун Парламенттер ассамблеясынын  мүчөлөрү  Брюсселде НАТО штабында жылдык жыйын үчүн чогулушту

НАТОнун Парламенттер ассамблеясынын (NATO-PA) мүчөлөрү Бельгиянын борбор шаары Брюсселде НАТО штабында жылдык жыйын үчүн чогулушту.

НАТОдон берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда баш катчы Йенс Столтенберг Европа коопсуздук күн тартибиндеги маанилүү темаларды талкуулоо үчүн НАТО Парламенттер ассамблеясынын төрагасы Михал Щерба менен НАТОнун штаб  - квартирасында жолугушту.

Баш катчы Столтенберг Щерба менен ассамблеянын Түндүк Атлантика кеңешинин туруктуу өкүлдөрүнүн жылдык жыйынына да жетекчилик кылды.

Жыйында парламент мүчөлөрү коргоо чыгымдары, трансатлантикалык өнөр жай базасын кеңейтүү, Украинанын НАТОго мүчөлүк жолу, аймактык коопсуздук көйгөйлөрү жана энергетикалык коопсуздук сыяктуу маселелерди талкуулашты.

Йенс Столтенберг жыйындардын НАТО жана союздаштарынын демократиялык институттарынын ортосунда  маанилүү байланыш түзөрүн жана НАТОнун саясаттары тууралуу маалымдуулукту жогорулатууга жардам берерин баса белгиледи.

Башкы катчы өткөн жылы Вильнюста өткөн НАТОнун саммитинде кабыл алынган чечимдерди ишке ашырууда жана Украинага жардам көрсөтүүнү улантууда парламентарлардын туруктуу колдоосунун маанилүү экендигин белгиледи.

Жыйынга Түркиядан Түркия Улуу Улуттук Парламентинин НАТО Парламенттик ассамблеясынын түрк делегациясынын төрагасы, Адмлеттик жана өнүгүү партиясынын депутаты Мелүт Чавушоглу катышты.



Тектеш кабарлар