Израиль Газада 29 миң бутаны бомбалады

Израиль армиясы кол салуулар башталган 7 - октябрдан бери Газа тилкесиндеги 29 миң бутаны согуштук учактар ​​менен бомбалаганын жарыялады.

2104821
Израиль Газада  29 миң бутаны бомбалады

Израиль армиясы кол салуулар башталган 7 - октябрдан бери Газа тилкесиндеги 29 миң бутаны аскердик учактар ​​менен бомбалаганын жарыялады.

«Yedioth Ahronoth» гезитинин маалыматына караганда, Израиль армиясы кол салуулар башталган  7 -  октябрдан бери Газа тилкесинде  29 миң бутаны аскердик учактар менен бомбалагандыгын жарыялады.

Израиль армиясы аба күчтөрүнүн аракеттерине байланыштуу жасаган билдирүүсүндө аскердик учактардын «бардык фронттордо» 31 миңден ашуун бутага абадан кол салгандыгын белгиледи.

Кол салуулардын  29 миңинин Газа тилкесинде, 1100нүн түндүктөгү Ливан чек арасында болгондугу билдирилген маалыматта калгандарынын кайда болгонуна байланыштуу билдирилген жок.

Булардын  7 миңге жакынынын «капысынан кол салуу» экендиги жана кургактык күчтөрүнүн талабы менен жасалганы белгиленген маалыматта : «Болжол менен 26 миңи  аскердик тик учактар менен  учкучсуз учуучу аппараттар менен  да  3 миң  800 кол салуу жасалды»,- деп айтылды.

Хамастын куралдуу канаты Иззеддин ал  -  Кассам бригадалары Палестиналыктарга жана башта Месжид  -  и Акса болгон ыйык жерлердеги эреже бузууларга жооп кайтаруу деген негиз менен  Израилге  7 -  октябрда кенен кол салуу баштаган.

Израиль  7 -  октябрдагы кол салууларда  1200 израилдиктин каза болгондугун, 5 миң  132 кишинин да жаралангандыгын билдирди.

Израилдин 7 -  откбярдан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларда кеминде  16 миң  660 бала,  8 миң  570ши аял болгон 29 миң  92 палестиналык өлтүрүлүп, 69 миң 28 киши жараланды.

Уранды астында азыр да  миңдеген сөөктүн бар экендиги билдирилип, эл баш калкалаган  оорукана жана мектептерди бутага алып, жарандык  инфраструктура да талкаланууда.



Тектеш кабарлар