Пашинян: "Украина темасында Орусиянын өнөктөшү эмеспиз"

Пашинян ошондой эле, Орусия менен Украина баш болгон мурдагы СССР республикаларынын бири-биринин мамлекеттик чек араларын тааныганын ырастаган 1991-жылкы Алма-Ата декларациясынын маанилүүлүгүн эске салды.

2104210
Пашинян: "Украина темасында Орусиянын өнөктөшү эмеспиз"

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкөсүнүн Украина темасында Орусиянын өнөктөшү эмес экенин айтты.

Пашинян: «Мурда айткандай, Армения Украина маселесинде Орусиянын өнөктөшү эмес жана бул биздин чынчыл позициябыз. Бул кырдаалга кандайдыр бир таасир тийгизе албаганыбызга капабыз. Украин эли биз үчүн бир тууган эл. Армяндар Украинада өздөрүн жакшы сезишчү»,-деди.

Пашинян ошондой эле, Орусия менен Украина баш болгон мурдагы СССР республикаларынын бири-биринин мамлекеттик чек араларын тааныганын ырастаган 1991-жылкы Алма-Ата декларациясынын маанилүүлүгүн эске салды.

Пашинян сөзүн: «Биздин оюбузча, Алма-Ата декларациясы биздин эгемендүүлүгүбүздүн жана аймактык бүтүндүгүбүздүн кепилдиги болуп саналат жана Украинага да ушундай болушу керек. Анткени бул документ баарыбызды байланыштырып турат. Эгер биз муну бузсак, бардыгын бузган болобуз» деп улантты.

Июнь айында Пашинян CNN Prima News телеканалына берген маегинде да Армениянын Украина темасында Орусиянын өнөктөшү эмес экенин билдирген.

Февраль айынын башында Армениянын коомдук радиосуна берген маегинде да Пашинян, Еревандын аскердик кызматташуу үчүн жаңы өнөктөштөрдү издеп жатканын, анткени Орусиянын мурдагыдай канааттандыра албаганын айткан.

Ал эми январь айында Пашинян, НАТОнун Кавказ жана Борбордук Азия боюнча өкүлү Хавьер Коломина менен Армениянын НАТО менен кызматташуусун талкуулаган.



Тектеш кабарлар