Кызыл Крест: "Орусия-Украина согушунан улам 23 миң адам дайынсыз"

Эл аралык Кызыл Чырым комитети, согушта дайынсыз жоголгондор тууралуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

2104404
Кызыл Крест: "Орусия-Украина согушунан улам 23 миң адам дайынсыз"

2022-жылдын февраль айынан бери уланып келе жаткан Орусия-Украина согушунун себебинен 23 миң кишинин дайынсыз жоголгондугу билдирилди.

Эл аралык Кызыл Чырым комитети, согуштан улам дайынсыз жоголгондор тууралуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

Орусия-Украина согушунун айынан 23 миң кишинин дайынсыз жоголгондугу кабарланган билдирүүдө, бул жоголгондордун туткунга алынганы, өлтүрүлгөнү же үйлөрүн таштап кеткени айтылды.

Билдирүүдө дайынсыз жоголгондордун абалынын такталышы үчүн иликтөө иштеринин жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.

Эл аралык Кызыл Чырым комитетинин Борбордук мониторинг агенттигинин бюросунун жетекчиси Душан Вужасанин, үй-бүлөлөрдүн дайынсыз жоголгон жакындарына эмне болгонун билүүгө укуктуу экенин белгиледи.

Вужасанин миңдеген дайынсыз жоголгон адамдардын үй-бүлөлөрү менен байланышуусуна жардам бергендерин айтты.



Тектеш кабарлар