Британияда окуучуларга уюлдук телефон чектөөсү

Уюлдук телефон колдонууга тыюу салган мектептерде билим сапатынын бир топ жогорулаганы маалым болду.

2104443
Британияда окуучуларга уюлдук телефон чектөөсү

Британияда окуучуларга мектептерде уюлдук телефон колдонууга тыюу салынат.

Билим берүү министрлигинин билдирүүсүндө, өлкөдө 12 жаштан жогорку балдардын 97 пайызынын жеке уюлдук телефону бар экени белгиленип, жекече уюлдук телефон колдонууга тыюу салган мектептерде билим сапатынын бир топ жогорулаганы маалымдалды.

Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият уюму (ЮНЕСКО) да кибер рэкетчиликке жана сабактардын үзгүлтүккө учурашына себеп болгон уюлдук телефондорго мектептерде тыюу салууга чакырганы эске салынган билдирүүдө, телефондордун такыр мектепке алып келинбей турганы же мектептин кире беришиндеги кулпуланган кутуларга, шкафтарга же сейфтерге коюлары айтылды.

Билдирүүдө уюлдук телефондорду колдонууга тыюу салган бир мектептин алган жыйынтыктары да камтылды. Аты аталбаган мектепте билим берүү маданиятынын жогорулаганы, окуучулардын тынч жана ыңгайлуу шартта билим алып, кызматкерлер билимге көбүрөөк көңүл бурганы кабарланды.

Ушундай эле эрежелер Францияда, Италияда жана Португалияда да ишке ашырылган.



Тектеш кабарлар