Египет Рафах шаарына логистикалык борбор курууда

Египеттин Түндүк Синай губернатору, генерал-майор Мухаммед Абдулфадил жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Египет менен Газа тилкесинин ортосундагы Рафах чек ара капкасы орун алган аймакта курула турган логистикалык борборго көңүлдөрдү бурду.

2103902
Египет Рафах шаарына логистикалык борбор курууда

Египет Израилдин кол салуусу жана басып алуусу астында калган Газа тилкесине гуманитардык жардам жеткирүү үчүн чек арадагы Рафах шаарына логистикалык борбор кура баштаганын жарыялады.

Египеттин Түндүк Синай губернатору, генерал-майор Мухаммед Абдулфадил жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Египет менен Газа тилкесинин ортосундагы Рафах чек ара капкасы орун алган аймакта курула турган логистикалык борборго көңүлдөрдү бурду.

Абдулфадил Египет армиясынын «Египет Кызыл Жарым Айдын ишин жеңилдетүү, ошондой эле Эль-Ариш аймагындагы жана жолдогу эл көптүгүн азайтуу максатында логистикалык борбордун курулушуна киришкенин» билдирди.

Курула турган борбордо жүк ташуучу унаалар үчүн унаа токтотуучу жайларды, коопсуз кампаларды, административдик кеңселерди жана айдоочулар үчүн турак жайларды камтый турганын айткан Абдулфадил, суу, электр энергиясы сыяктуу мүмкүнчүлүктөрдүн да камсыздала турганын билдирди.

Газага берилген жардамдардын кургактык, деңиз жана аба жолдору аркылуу Синай аймагына жеткенин эске салган Абдулфадил, Эль-Ариш портуна жана Эл-Ариш эл аралык аэропортуна келген жардамдын жүк ташуучу унаалар менен Газага жеткирилишине аракет кылынгандыгын белгиледи.



Тектеш кабарлар