Израилдин Газа тилкесине карата кол салуулары

Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында кеминде  12 миң 300ү бала, 8 миң 400ү аял болгон 28 миң 775 палестиналык каза болуп, 68 миң 552 киши жараланды.

2103645
Израилдин Газа тилкесине карата кол салуулары

Израилдин элди күч менен ач жана суусуз калтырган Газа тилкесине карата кол салууларында өлтүргөн палестиналыктардын саны 24 саатта  83кө көбөйүп 28 миң  858ге жогорулады. 

Газадагы Палестина Саламаттык сактоо министрлигинин катчысы  Эшреф эл - Кудра билдирүүсүндө, Израилдин 134 күндүк Газа кол салуулары тууралуу маалымат берди.

Израил аскерлери акыркы 24 сааттын ичинде Газа тилкесинде дагы 83 палестиналыкты өлтүргөндүгүн айткан Кудра Газада каза болгондордун саны  28 миң  858ге жогорулагандыгын билдирди. Кудра акыркы кол салууларда Израиль күчтөрүнүн  125 палестиналыкты да жаралагандыгын, Газа тилкесинде жаралуу саны  68 миң  677ге жеткендигин айтты. 

Урандылардын астында дагы  миңдеген сөөктүн бар экндиги билдирилип, адамдар баш калкалаган ооруканалар жана билим берүү мекемелери бутага алынып жарандык инфраструктура да талкаланууда.

Оккупациядагы  Батыш Шериада жүргүзгөн түнкү рейддерде көп сандаган палестиналыкты камоого алган Израиль күчтөрүнүн Газа тилкесинде Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмуна таандык жардам конвоюн Насер ооруканасына  50 метр алыстыкта  тоскону билдирилди.

Бир тараптан Чек арасыз кабарчылар уюму  жана Эл аралык Журналисттер федерациясы  Израилдин кол салууларына дуушар болгон Газада журналисттердин өлтүрүлүшүн айыптады.

Израилдин тышкы чалгындоо агенттиги Моссаддын мурдагы жогорку даражалуу кызматкери Рами Игра, Газа тилкесиндеги 4 жаштан жогорку бардык палестиналыктардын Хамастын колдоогондугун ортого салып,  Израилдин гуманитардык жардамга бөгөт койгон жамааттык жазалоо саясатына дуушар болууга татыктуу экенин айтты.

Ошол эле учурда, АКШ президенти Жо Байден Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен болгон сүйлөшүүлөргө токтолуп : "Барымталарды чыгаруу үчүн (Газада) убактылуу ок атышпоо болушу керек. Бул процесс башталды. Мунун ишке ашырылышынан үмүттүүмүн. Өзгөчө Израиль бул учурда  кургактыктан кенен  масштабдуу чабуул баштабайт",- деди. 

Европа Биримдиги да Израилде Рефах аймагына карата кол салуу планындан баш тарттырууга чакырып, ыктымалдуу кол салуунун "апаат кырдаалына жеткен гуманитардык абалды дагы да начарлата тургандыгы" тууралу эскертти. 

Бириккен Улуттар Уюму Газадагы коопсуздук абал, чек аралардын жабылышы, импорттун чектелиши жана негизги инфраструктуралардын бузулушуна байланыштуу азык-түлүк коопсуздугунун  оор деңгээлге жеткенин билдирди.

 



Тектеш кабарлар